Европа күрөш чемпионатында түрк балбандардын ийгиликтери

Сербиянын Нови Сад шаарында болгон чемпионатта 97 кг салмакта Ибрахим Чивтчи финалда орусиялык атаандашы Шамил Алиевич Мусаев менен күч сынашты.

1160563
Европа күрөш чемпионатында түрк балбандардын ийгиликтери

23 жашка чейинкилердин Европа күрөш чемпионатынын 6-күнүндө түрк спортчулар эркин күрөштө бирден алтын, күмүш жана коло медалга ээ болушту.

Сербиянын Нови Сад шаарында болгон чемпионатта 97 кг салмакта Ибрахим Чивтчи финалда орусиялык атаандашы Шамил Алиевич Мусаев менен күч сынашты. Атаандашын 7-4 эсебинде жеңген Ибрахим, алтын медалды багындырды.

Австриялык Симон Хартманды 15-2 эсебинде жана украиналык балбан Адлан батаевди 5-0 эсебинде жеңип финалга чыккан Рамазан Сары болсо 79 кг салмактагы финалда Орусиялык Радик Валиевге жеңилип күмүш медалдын ээси болду.

57 кг салмакта жарышкан Шабан Кызылташ да Румен Размван Коважсты 7-5 эсебинде утуп коло медалга ээ болду. Ай жылдыздуу команда чемпионатта берки салмактардагы жеңгендер менен кошкондо бардыгы 2 алтын, 4 күмүш жана 9 коло болуп бардыгы 15 медалга жетишти.

Чемпионатта эртең 86 кг салмакта Ариф Өзен алтын, 92 кг салмкта Эрхан Йайжы коло медал үчүн күрөшөт. 74 кг салмакта Фазлы Эрйылмаз, 61 кг салмкта Селахаттин Серт репесаж беттешүүлөрүнө чыгат.



Тектеш кабарлар