Ironman 70.3 Turkey эртең Антальяда башталат
Ironman 70.3 Turkeyге жетимиш өлкөдөн бир миң жетимишке жакын спортчу катышат.
1076888
Серик районунун Белек туризм борборунда өткөрүлө турган Ironman 70.3 Turkeyге жетимиш өлкөдөн бир миң жетимишке жакын спортчу катышат.
Спортчулар жалпы жүз он үч километрдик жарышта Kadriye Beach Park жээгинде сүзүү паркурунда сүзүшөт, андан кийин EXPO аянтында велосипед менен жарышышат жана акырында жарыш чуркоо менен аяктайт.
Жарыштын таанытылышы үчүн өткөрүлгөн пресс жыйында жарышты өткөрө турган Turset Projeнин менеджери Өзгүр Эмеклиоглу иш чаранын өлкөнүн туризмине салымын кошорун айтты.