Бешикташ УЕФАдагы оюндарын жакшы маанайда баштады
Бешикташ Сарпсборгду 3-1 эсебинде утуп алды.
1053927
Түркиянын УЕФАдагы өкүлү Бешикташ, УЕФАнын Европа лигасынын «I» тайпасындагы алгачкы оюнунда Норвегиянын командасы Сарпсборг менен беттешти. Бешикташ оюнду 3-1 эсебинде утуп алып, турнирди жакшы маанайда баштады.
Бешикташтын голдорун 51-мүнөттө Райан Бабель, 69-мүнөттө Энзо Рокко жана 82-мүнөттө Ленс киргизди.
Сарпсборгдун беттешүүдөгү жалгыз голун 90+4-мүнөттө Захариасен киргизди.
Европа лигасындагы «I» тайпасынын берки беттешүүсүндө Генк, Мальмёни 2-0 эсебинде утту.