Галатасарай УЕФАнын чемпиондор лигасына жеңиш менен баштады
Галатасарай Москва Локомотив командасын 3-0 эсебинде утуп алды.
Галатасарай УЕФАнын чемпиондор лигасынын «Д» тайпасындагы алгачкы оюнунда Локомотив Москвага мүмкүнчүлүк берген жок.
3 баллды 3 гол менен алган Түркиянын өкүлү тизмеде эң алдыга чыкты.
Орусиянын командасы Локомотив Москваны тосуп алган сары-кызыл түстүү команда таасирдүү баштаган беттешүүдө эрте эле гол киргизди.
9-мүнөттө сол канатта топту алган Родригес катуу тээп дарбазага киргизди.
Оюндун биринчи жарымы Галатасарайдын 1-0 үстөмдүгү менен аяктады.
Өкүлүбүз экинчи жарымда айырманы көбөйтө алды.
Эмре Акбаба жаза аянтын көздөй топ менен алдап өтүүгө аракет кылганда аны чалып кулатышты.
67-мүнөттө Эрен Дердийок эркин тебүүнү голго айлантты.
87-мүнөттө Н'Диайе экинчи жолу сары карточка алып, кызыл карточка менен оюндан чыгып калды.
Бирок Галатасарай токтогон жок. 90+3 мүнөттө Эмре Акбаба жаза аянтында жерге кулады.
Пенальтини Селчук Инан тээп голго айлантты жана оюндун эсеби белгилүү болду.
Галатасарай беттешүүнү Родригес, Эрен жана Селчук Инандын голдору менен 3-0 эсебинде утуп алды.
Сары кызылдуулар 2015-2016 сезонунан бери ойной элек Гиганттар лигасына жеңиш менен кайтты.