Түркиянын майып спортчуларынан турган командасы Европа чемпиону болду
Түркия, финалда Германияны 67-64 упай эсебинде жеңип алып чемпион болду.
Европанын дөңгөлөктүү отургучтарда 22 жашка чейинки эркектер арасындагы баскетбол чемпионатында Түркия, финалда Германияны 67-64 упай эсебинде жеңип алып чемпион болду.
Италиянын Удина шаарында уюштурулган иш-чарада акыркы чемпион наамы менен жарышкан улуттук курама команда финалда Германия менен беттешти.
Биринчи чейректи 22-21 эсебинде алдыда бүтүргөн Түркия, экинчи чейректе айырманы чоңойтуп 40-31 эсебинде тыныгуу бөлмөсүнө кирди.
Оюндагы үстөмдүгүн коргогон улуттук курама команда үчүнчү чейректи да 53-49 алдыда бүтүрдү.
Акыркы чейректе да оюндагы үстөмдүгүн коргогон Түркия, Германияны 67-64 упай эсебинде утуп алып экинчи чемпиондугуна жетишкен болду.
Буга кошумча президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын майып спортчулар федерациясынын төрагасы Ариф Үмит Узтүрктү куттуктады.
Президенттиктин маалымат борборунун маалыматына караганда президент Эрдоган, Европанын дөңгөлөктүү отургучтарда 22 жашка чейинки эркектер арасындагы баскетбол чемпионатында Эркектерден турган улуттук курама команданын Европа чемпиону болушунун себебинен Федерациянын төрагасы Узтүрккө куттуктоо телеграфын жиберди.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.