Стамбул кысыгында парус жарышы
Жарыштар эң жакшы көрүлө турган жерлер Бешикташ жээги, Ортакөй аянты, Акынтыбурну – Арнавуткөй, Бебек, Кулели жана Кандилли болот.
1049784

Бул жылы 17си өткөрүлө турган Turkcell Platinum Bosphorus Cup парус жарыштары 29 – 30 - сентябрда Стамбулда өткөрүлөт. Стамбул кысыгында өткөрүлө турган жарышка 10 өлкөдөн 800гө жакын парусчу катышат.
Эки күнгө созула турган жана 3 жарыштан турган иш чаранын биринчи күнүндө парусчулар Стамбул кысыгында жарышышат. Жарышта кайыктар Долмабехчеден чыгып, Анадолу Хисарынан кайтат жана Чыраган сарайынын алдындагы аяктоо жерине барат. Жарыштар 30 - сентябрь жекшемби күнү Жаддебостан этабы жана андан кийин өткөрүлө турган сыйлык тапшыруу аземи менен аяктайт.
Жарыштар эң жакшы көрүлө турган жерлер Бешикташ жээги, Ортакөй аянты, Акынтыбурну – Арнавуткөй, Бебек, Кулели жана Кандилли болот.