А улуттук курама командасы бүгүн Орусия менен беттешет
Трабзондогу Медикал Парк стадионунда ойноло турган Б лигасынын 2 - группадагы биринчи беттеши Түркия убактысы боюнча саат 21:45те башталат.
1045369
А улуттук курама команда УЕФАнын улуттук команда деңгээлинде улуттар лигасындагы биринчи оюнунда бүгүн Орусия менен беттешет.
Трабзондогу Медикал Парк стадионунда ойноло турган Б лигасынын 2 - группадагы биринчи беттеши Түркия убактысы боюнча саат 21:45те башталат.
Беттешти Португалиянын футболдук федерациясынын калысы Артур Диас башкарат.
Улуттук курама командасында жараланышы менен талапкер кадрдан чыгарылган Гөкхан Гөнүл менен Абдүлкадир Өмүр жана дарыланып жаткан Өмер Байрам Орусияга каршы беттешке катыша алышпайт.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.