Дүйнөлүк кубокто Хорватия алгач ирет финалист болду
Эми хорваттар финалда Франция менен күч сынашат.
Орусияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта Хорватия курама командасы Англияны 2-1 эсебинде утуп, финалга чыкты.
Беттешүү Москва шаарындагы «Лужники» стадионунда 12-июлга караган түнү өтүп, оюндун бешинчи мүнөтүндө Англия курамасынын коргоочусу Киран Триппьер топту атаандашынын дарбазасына киргизип, эсеп 1:0 болду. 68-мүнөттө Хорватиянын коргоочусу Иван Перишич бул эсепти теңеди.
Хорватиялыктарга жеңишти алып келген голду кошумча берилген 109-мүнөттө чабуулчу Марио Манжукич киргизди. Бул - Хорватиянын тарыхта алгачкы жолу дүйнө чемпиондугунун финалына чыгышы.
Эми хорваттар финалда Франция менен күч сынашат.
Эскерте кетсек, беттеш 15-июлда Москвада өтөт. Англия болсо коло медаль үчүн Бельгия менен ойнойт. Шейшембиде Санкт-Петербургда өткөн беттеште франциялыктар Бельгияны 1:0 эсебинде уткан.