Хорватия-Англия беттешүүсү ТРТ-1 каналында...
Франциянын атаандашы бүгүн белгилүү болот.
1010263
Дүйнөлүк кубоктун жарым финалында Хорватия менен Англия беттешет.
Жарым финал беттешүүсүндө Бельгияны Самуэль Умтитинин голу менен 1-0 эсебинде жеңип финалга жолдомо алган Франциянын атаандашы бүгүн белгилүү болот.
Борбор шаар Москвадагы «Лужники» стадионунда өтө турган Хорватия-Англия беттешүүсү Түркия убактысы боюнча саат 21.00де башталат.
Футболдук таймашты ФИФАнын калыстарынан Жүнейт Чакыр башкарат.
Хорватия-Англия беттешүүсүн ТРТ-1, ТРТ 4К жана fifa2018.trtspor.com.trден түз эфирде көрүүгө болот.