Жүйнейт Чакырга Дүйнөлүк кулбокто чоң милдет жүктөлдү

Жүнейт Чакыр,Орусияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта 11-июль шаршемби күнү Хорватия менен Англия беттеше турган жарым финал оюнун башкарат.

1009758
Жүйнейт Чакырга Дүйнөлүк кулбокто чоң милдет жүктөлдү

ФИФА кокарты бар түрк калысы Жүнейт Чакыр, карьерасында 2-ирет Дүйнөлүк кубокто жарым финал беттешүүсүн башкарат.

Орусияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта 11-июль шаршемби күнү Хорватия менен Англия беттеше турган жарым финал оюнун башкарат.

Чакыр, бул мелдештерде Марокко-Иран жана Нигерия-Аргентина беттешүүлөрүн башкарды.

Удаама-удаа экинчи жолу ФИФАнын дүйнөлүк кубокторунда кызмат кылган Жүнейт Чакыр, Орусия-Египет беттешүүсүндө төртүнчү калыс болгон.

Чакыр, Бразилияда болгон 2014-жылдагы Дүйнөлүк кубокто Нидерландия менен Аргентинанын жарым финал беттешүүсү менен катар 3 оюнду башкарган.

Хорватия-Англия оюну менен Дүйнөлүк кубокто 6-беттешүүсүн башкара турган Жүнейт Чакыр, жалпы 164-эл аралык беттешүүнү башкарган болот.



Тектеш кабарлар