Чейрек финал ТРТ экрандарында
ФИФА дүйнөлүк чемпионатта чейрек финал бүгүн ойноло турган 2 беттешүү менен башталат.
ФИФА дүйнөлүк чемпионатта чейрек финал бүгүн ойноло турган 2 беттешүү менен башталат. Беттештер ТРТ1, ТРТ4К жана fifa2018.trtspor.com.trдан түз эфирден берилет.
Акыркы 16 турдан өтүп аттарын чейрек финалга жаздырган командалардын жарым финалга чыгуу беттеши эки күн өткөрүлө турган оюндар менен аяктайт.
Уругвай менен Франция беттеше турган оюн Нижный Новгород стадионунда Түркия убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.
Андан башка Бразилия менен Бельгия беттешүүсү Казан аренада Түркия убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.
Турнирдин чейрек финалында Европадан 6 өлкө Франция, Бельгия, Орусия, Хорватия, Швеция, Англия жна латын Америкадан 2 өлкө Бразилия, Уругвай беттешет.
Чейрек финал оюнадырынын күнү жана программасы төмөнкүчө :
6 - июль жума күнү
Түркия убактысы боюнча саат 17:00дө Уругвай – Франция (Нижный Новгород)
Түркия убактысы боюнча саат 21де Бразилия - Бельгия (Казан аренада)
7 - июль ишемби күнү
Түркия убактысы боюнча саат 17:00дө Швеция - Англия (Самара аренада)
Түркия убактысы боюнча саат 21де Орусия - Хорватия (Фишт стадиондо)
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.