Орусиядагы Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта кечээ 2 оюн ойнолду

Франция менен Уругвай чейрек финалга жогорулады,Аргентина менен Португалия кубок менен кош айтышты.

1003375
Орусиядагы Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта кечээ 2 оюн ойнолду
uruguay-portekiz1.jpg
uruguay-portekiz.jpg

Орусияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын акыркы 16 команда ойногон турунда Франция Аргентинаны 4-3 эсебинде утуп алды.

Франциянын голдорун 13-мүнөттө Гризманн, 58-мүнөттө Павард, 64 жана 68-мүнөттөрдө Мбаппе киргизди.

Аргентинанын голдорун 41-мүнөттө Ди Мария, 48-мүнөттө Месси, 90+3-мүнөттө Агуэро киргизди.

Ошентип оюндун жыйынтыгы 4-3 эсебинде болуп, Франция чейрек финалга жогорулады, ал эми Аргентина Дүйнөлүк кубок менен кош айтышты.

Ошондой эле Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын акыркы 16 командасы ойногон турнирдин берки оюну Уругвай менен Португалынын ортосунда өттү.

Уругвайдын голдорун 7-мүнөттө жана 62-мүнөттө Кавани киргизди. Португалиянын голун 55-мүнөттө Пепе киргизди.

Ошентип оюн 2-1 эсебинде жыйынытыкталды. Чейрек финалга жогорулаган Уругвай Франция менен беттешт. Португалия болсо Дүйнөлүк кубоктон чыгып калды.

Уругвай менен Франция 6-июлда Нижный Новгород стадионунда күч сынашат.



Тектеш кабарлар