Уругвай Орусияны аяган жок

Уругвай Орусияны 3-0 эсебинде утуп алды.

1000127
Уругвай Орусияны аяган жок

 

Орусияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын «А» тайпасында Орусияны 3-0 менен уткан Уругвай, эң жогорку баллга ээ болуп акыркы 16 команда ойноочу турга жогорулады.

10-мүнөттө жазадан эркин тебүүсүн дарбазага киргизген Суарес Уругвайды 1-0 алдыга чыгарды.

23-мүнөттө Лахалттын сол жактан тепкен тобу Черишевге тийип бурулуп кеткенде дарбазачы тосо албай калып гол кирди.

90-мүнөттө оң канаттагы бурчтан тепкен топту Годи баш менен дарбазаны көздөй сүзгөндө дарбазачы Акинеев тосуп койду, бирок кайтып бараткан топту Кавани тээп киргизип Уругвай 3-0 алдыга өттү.

Беттешүүдө дарбаза тоскон, Галатасарай клубунун дарбазачысы Муслера 100-жолу Уругвай командасынын формасын кийди.

Айрыкча дүйнөлүк кубоктордо 14-оюнга чыккан Муслера, Ладислао Мазуркевичти артка калтырып турнирде эң көп форма кийген уругвайлык дарбазачы болду.


Этикеткалар: #Орусияда , #Футбол , #Уругвай

Тектеш кабарлар