Португалияга Ирандын күчү жетпей турнирден чыгып калды
Саранск шаарындагы Мордовия Аренада беттешкен жана катуу таймаш болгон оюн 1-1 болуп теңме-тең бүттү.
Орусияда өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын «В» тайпасында Иран менен Португалия беттешти.
Саранск шаарындагы Мордовия Аренада беттешкен жана катуу таймаш болгон оюн 1-1 болуп теңме-тең бүттү.
Португалия 45-мүнөттө Куарежманын кигизген голу менен 1-0 алдыга өттү. Андан соң Роналду 53-мүнөттөгү пенальтиден тебүүсүн киргизе албай калды.
Оюндун акырында Иран оюнун күчөттү жана видео калыс системасынын чечими менен пенальтиге ээ болду.
90-мүнөттө пенальтиден гол киргизген Карим Ансарифард, оюнду теңдеди.
Оюндун акырында Иран гол киргизе албай калган соң 4 балл менен турнирден чыгып калды.
Баллын 5ке жеткирген Португалия болсо Испаниядан кийин тайпада экинчиликти алып атын кийинки турга жаздырды.
Тектеш кабарлар
Уиллис Рид 80 жашында каза болду
Риддин 19 номерлүү формасы Никс тарабынан 1982 - жылы Баскетболдун даңктуулары музейине коюлган.