Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын «А» тайпасындагы экинчи оюндар ойнолду

«А» тайпасындагы Орусия менен Уругвай 6 баллдан топтоду.

996448
Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын «А» тайпасындагы экинчи оюндар ойнолду

Орусияда өтүп жаткан Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын «А» тайпасындагы экинчи оюндар ойнолду...

Үй ээси Орусия Египетти 3-1 эсебинде жеңип алып 6 балл топтоду.

Алгачкы беттешүүсүндө Египетти жеңген Уругвай, Сауд Арабияны да 1-0 эсебинде утуп алып, ал дагы 6 балл топтоду. Ушундайча «А» тайпасында Орусия менен Уругвай бир үстүңкү турга чыга алды.

Эки команда тайпасындагы акыркы оюнда күч сынашат жана тайпадагы лидер бул оюнда белгилүү болот...

Сауд Арабия менен Египеттин бир жогорку турга чыгуу ыктымалдуулугу калган жок.

Уругвай-Сауд Арабия беттешүүсүнүн биринчи голун 23-мүнөттө Луис Суарес киргизди.

Сол канаттагы бурчтан тебилген топту сол аягы менен тээп киргизген Суарес улуттук курама командасындагы 100-оюнунда 52-голун киргизди.

Беттешүүдө башка гол болбогон соң Уругвай оюнду 1-0 эсебинде утту.

Абдан жай ойнолгон оюнда Фернандо Муслеранын рекорду да катталды.

Дүйнөлүк кубоктогу 13-оюнуна чыккан Муслера, Уругвай футбол тарыхынын дүйнөлүк кубоктордогу эң көп форма кийген дарбазачысы болду. Муслера учурда Галатасарай клубунун дарбазачысы...



Тектеш кабарлар