Роналду 4 - жолу жылдын футболчусу

2017  дүйнөлүк футбол сыйлыктары аземинде жылдын футболчусу сыйлыгын Реал Мадриддин португалиялык футболчусу Криштиану Роналду алды.

878480
Роналду 4 -  жолу жылдын футболчусу

 

2017  дүйнөлүк футбол сыйлыктары аземинде жылдын футболчусу сыйлыгын Реал Мадриддин португалиялык футболчусу Криштиану Роналду алды.

Дубай спорт кеңеши, Европа Клубдар Биримдиги жана Европа футболдук менеджерлер биримдиги 2010 -  жылдан бери уюштуруп келген Дүйнөлүк футбол сыйлыктары Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубай шаарында өткөрүлгөн азем менен ээлерине тапшырылды.

2017 – жылы Испания клубу Реал Мадриддин формасы менен УЕФА чемпиондор лигасы, УЕФА супер кубогу, Испания биринчи футбол лигасы, Испания супер кубогу жана ФИФА клубдар дүйнө кубогунун чемпиондугун жашаган Роналду жылдын футболчусу болуп тандалды.

Добуш берүүдө Лионель Месси, Пауло Дибала,  Джанлуиджи Буффон, Неймар, Сергио Рамос жана Килиан Мбаппени артта калтырган 32 жаштагы Роналду 2011 – 2014 – жылы жана 2016 – жылдан кийин 4 -  жолу бул сыйлыкка ылайык көрүлдү. Жылдын командасы сыйлыгын Реал Мадрид, жылдын тренери сыйлыгын болсо Реал Мадридди машыктырган француз Зинедине Зидане алды.



Тектеш кабарлар