Түркия менен Румыния беттешет

Мелдеш Түркия убактысы боюнча саат 21.15те башталат

843159
Түркия менен Румыния беттешет

Түркиянын футбол боюнча А Улуттук курама командасы, даярдык мелдешинде эртең атаандаштын талаасында Румыния менен беттешет.

Румыниянын Клуж шаарындагы Др. Константин Радулеску стадионунда өткөрүлө турган мелдеш Түркия убактысы боюнча саат 21.15те башталат.

Беттешүүнү Португалиянын футбол федерациясынан калыс Тьяго Бруно Лопес Мартинш башкарат.

Түрк командасы экинчи даярдык мелдешинде болсо 13-ноябрь дүйшөмбү күнү Антальяда Албания менен таймашат.



Тектеш кабарлар