Түркиялык спортчулар тхэквондодо да алтын медаль алды

Университеттер аралык жайкы олимпиадалар-2017де улуттук тхэквондочу Ирем Яман, алтын медалдын ээси болду.

796589
Түркиялык спортчулар тхэквондодо да алтын медаль алды

Университеттер аралык жайкы олимпиадалар-2017де улуттук тхэквондочу Ирем Яман, аялдарда 62 кг салмакта алтын медалдын ээси болду.

Тайвандын борбор калаасы Таипейде уланып жаткан мелдештерде Ирем Яман, 62 кг салмактын финалында түштүк кореялык атаандашы Жисоо Мун менен беттешти.

Атаандашын 13-2 эсебинде жеңип алган улуттук спортчу алтын медаль алды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Университеттер аралык жайкы олимпиадалар-2017де аялдарда 62 кг салмакта алтын медалга ээ болгон улуттук тхэквондочу Ирем Яманды куттуктады.

Президенттик маалымат борборунун маалыматында Эрдогандын Тайванда уюштурулган Университеттер аралык жайкы олимпиадалар-2017де чемпион болгон Яманга куттуктоо телеграфын жөнөткөнү белгиленди.

 



Тектеш кабарлар