Наккаштан 4 алтын медаль

Ахмет Наккаш сууда сүзүүдө рекорд жаратты

792341
Наккаштан 4 алтын медаль

Эл аралык сууда сүзүү федерациясы тарабынан уюштурулган Дүйнөлүк мастерлер чемпионатында Ахмет Наккаш 4 алтын медалга ээ болду.

Венгриянын борбор шаары Будапештте аяктаган чемпионатта 55-59 жаш курактарындагы эркектер арасында Наккаш, 50 жана 100 метрге эркин сүзүү, 200 метрге аралашта дүйнөлүк рекорд жаратып алтын медалга ээ болду.

Наккаш 200 метрге эркин сүзүүдө болсо Европа рекордунун жаңы ээси катары жарышты биринчи бүтүрдү.

Ахмет Аккаш маегинде Түркиянын атынан жарышкандыгы үчүн сыймыктанганын эске салып: «Мекенибизге татыктуу сыйлык алганым үчүн кубанычтамын. Айрыкча спорттун туура жана сергектүүлүк байланыш каражаты экенине да күбө болуудан ырахат алуудамын»-деп айтты.



Тектеш кабарлар