Улуттук спортчу күмүш медалга ээ болду

Лондондо жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүп жатат

787248
Улуттук спортчу күмүш медалга ээ болду

16-Дүйнөлүк атлетика чемпионатында Түркиянын атынан жарышкан Ясмани Копелло Эскобар, эркектер арасында 400 метрге токоолдуктуу аралыктан чуркап өтүүдө күмүш медалга ээ болду.

Англиянын борбор шаары Лондондо өтүп жаткан чемпионаттын алтынчы күнүндө эркектер арасында 400 метрге толкоолдуктуу аралыктан чуркап өтүү жарышынын финалы болду.

2016-жылдагы Рио Олимпиадасында коло медаль, Европа чемпионатында алтын медалга ээ болгон Куба тектүү Ясмани Копелло Эскобар, 48.49 секунддук убакыт менен экинчи болуп күмүш медаль такты.

Норвегиялык Карстен Вархолм 48.35 секунд менен алтын медалга ээ болсо, АКШлык Керрон Клемент 48.52лик даражасы менен коло медаль алды.

Бул жыйынтык боюнча Түркия бул турнирдеги биринчи медалын алган болду.



Тектеш кабарлар