Түркия күрөштө Европа үчүнчүсү болду

55 килограммда жарышка чыккан улуттук күрөшчү Керем Камал Европа чемпиону болду.

763465
Түркия күрөштө Европа үчүнчүсү болду

Европа күрөш чемпиондугунун акыркы күнүндө улуттук күрөшчүлөр үч коло жана бир алтын медалды багындырып, алты күнгө созулган жарыштарда жалпы төрт коло, бир күмүш, бир алтын медалга жетишти. Айрыкча Түркия греко  - рим  күрөш улуттук командасы Европа үчүнчүсү болду.

2017 -  жылдан  Жаштар Европа күрөш чемпиондугу Германиянын Дортмунд шаарында өткөрүлдү. Алты күнгө созулган жарыштарда отуз сегиз өлкөдөн келген спортчулар эркектерде эркин, аялдар жана греко  - рим  категорияларында күрөштү. Түркиянын атынан жыйырма төрт күрөшчү катышты.

55 килограммда жарышка чыккан улуттук күрөшчү Керем Камал биринчи күрөштө эстониялык Хелари Маегисалу, чейрек финалда серб Деян Петрович, жарым финалда украиналык Микхайло Ступинди жеңип атын финалга жаздырды.

 

 



Тектеш кабарлар