Манчестер Юнайтед чемпион болду
Манчестер Юнайтеддин голдорун 18чи мүнөттө Пол Погба жана 48чи мүнөттө Мхитарян киргизишти
738939
УЕФА Европа лигасында Манчестер Юнайтед чемпион болду.
Нидерландиянын Аякс командасын 2-0 эсебинде жеңген Англиянын өкүлү Манчестер Юнайтед биринчи жолу лиганын чемпиондугуна жетишти.
Швециянын борбор шаары Стокгольмдо ойнолгон оюн, эки күн мурда Англиянын Манчестер шаарында болгон террордук кол салуудан курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.
Манчестер Юнайтеддин голдорун 18-мүнөттө Пол Погба жана 48-мүнөттө Мхитарян киргизишти.
Аякс менен Манчестер Юнайтеддин ортосундагы оюнду Түркиянын футболдук машыктыруучу Фатих Терим да көрдү.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.