Чемпиондор лигасында чейрек финал мелдештери

Чемпиондор лигасында чейрек финал мелдештери башталды

710811
Чемпиондор лигасында чейрек финал мелдештери

Италиянын өкүлү Ювентус өз талаасында Испаниянын Барселона командасын 3-0 эсебинде жеңип алып, реванштын алдында чоң мүмкүнчүлүккө ээ болду. Оюндун жылдызы 2 гол киргизген Пауло Дайбала болду.

Чемпиондор лигасында чейрек финал оюндары бүгүн эки мелдеш менен уланат.

Германиянын өкүлү Бавария Мюнхен Испаниянын Реал Мадрид командасын, Испаниянын өкүлү Атлетико Мадрид болсо Англиянын Лестер Сити командасын тосуп алат. Беттешүүлөр саат 21.45те башталат.

Түркиянын Бешикташ командасы Франциянын өкүлү Олимпик Лион менен бейшемби күнү ойной турган оюндун Стамбулдагы даярдыктары аяктады.

Түрк командасы саат 12.00де атайын учак менен Лионго жөнөп кетет.



Тектеш кабарлар