Түркия 3 алтын медалга ээ болду

Түрк штангисттер Хорватияда күч сынашты

704334
Түркия 3 алтын медалга ээ болду

Түркия штанга боюнча Европа чемпионатында 3 алтын медалга ээ болду.

Хорватиянын Сплит шаарында уюштурулган чемпионаттын биринчи күнүндө эркектер арасында 56 жана 62 килограммда мелдештер өткөрүлдү.

Эркектер арасында 62 килограммда күч сынаган Хуршит Атак силкип көтөрүүдө жана жалпы эсепте, Бүньямин Сезер болсо жулкуп көтөрүүдө алтын медалга ээ болушту.

Жулкуп көтөрүүдөгү 130 килограммда коло медаль алган Хуршит, силкип көтөрүүдөгү 160 жана жалпы эсептеги 290 килограммдык даражасы менен алтын медалга ээ болду.

135 килограммды жулкуп көтөрүүдө алтын медаль алган Бүньямин, жалпы эсепте да 289 килограммга жетип күмүш медаль такты.

56 килограммда күч сынашкан түрк штангисттер Мауаммер Шахин менен Окан Йылмаз болсо чемпиондуктан медалсыз кайтты.

Муаммер бешинчи орунду, Окан болсо алтынчы орунду ээледи.



Тектеш кабарлар