Чемпиондор лигасында чейрек финалисттер белгилүү болду

Бүгүн дагы эки мелдеш өтөт

687054
Чемпиондор лигасында чейрек финалисттер белгилүү болду

Чемпиондор лигасында алгачкы эки чейрек финалист белгилүү болду.

УЕФА Чемпиондор лигасынын акыркы 16 тур реванш оюндарынан кийин Испаниянын өкүлү Реал Мадрид жана Германиянын өкүлү Байерн Мюнхен чейрек финалга чыкты.

Түрк калыс Жүнейт Чакыр башкарган мелдеште Реал Мадрид Италиянын Неаполь командасын 3-1 эсебинде жеңип алды.

Байерн Мюнхен болсо Англиянын өкүлү Арсеналды атаандаштын талаасында 5-1 эсебинде жеңди.

Чемпиондор лигасында бүгүн да Испаниянын өкүлү Барселона менен Франциянын Париж Сен-Жермен командасы жана Германиянын өкүлү Боруссия Дортмунд менен Португалиянын Бенфика командасы беттешет.

Эки мелдеш тең Түркия убактысы боюнча саат 22.45те башталат.



Тектеш кабарлар