Түркия алтын медалга ээ болду

Германияда синхрондук сууда сүзүү боюнча мелдештер өттү

685644
Түркия алтын медалга ээ болду

Германияда өткөрүлгөн 28-German Open синхрондук сууда сүзүү боюнча мелдеште Түркия алтын медалга ээ болду.

Иш-чаранын интернет барагында орун алган маалыматка караганда Бонн шаарында өткөрүлгөн мелдештерде Түркия синхрондук сууда сүзүү боюнча финалдын эркин стилинде 76,5667 балл менен Венгрияны (74,8000) артта калтырып биринчи болду.

Түркияны бул категорияда Дефне Бакыржы, Дога Белиз Бүлбүл, Суде Дижле, Дилай Хорасан, Эзги Иде Өнал, Эда Реззан Тунжай, Мина Эбру Турхан, Ханде Йылдыз, Мысра Гүндеш жана Азра Улу өкүлдүк кылышты.



Тектеш кабарлар