Венгрияда найза сайышуу боюнча дүйнөлүк кубок болуп өттү

Турнирде Венгрия биринчи, Италия экинчи орунду алды

647351
Венгрияда найза сайышуу боюнча дүйнөлүк кубок болуп өттү

Жаштар улуттук найза сайышуу командасы Венгрияда өткөрүлгөн Дүйнөлүк кубокто үчүнчү орунду алды. Борбор шаар Будапештте өткөрүлгөн кубокто Жаштар улуттук кылыч командасы кубоктогу биринчи атаандашы Австралияны 40 - 16га жеңип чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда Японияны 40 - 30 упайга жеңген ай - жылдыздуу команда Италия менен  өткөн жарым финал жарышында болсо 40 - 28 упайга жеңилди. 

Үчүнчүлүк матчында Орусия менен беттешкен улуттук команда жарыштан 40 - 38 упайга жеңилүү менен чыгып коло медалдын ээси болду. Турнирде Венгрия биринчи, Италия экинчи орунду алды.  

 



Тектеш кабарлар