NBAде 4 оюн ойнолду

Американын баскетбол лигасы (NBA) 4 оюн менен улантылды.

639437
NBAде 4 оюн ойнолду

Батыш конференциясында 5-орунда турган Оклахома-Сити Тандер, Американ Эйрлайнс Аренада конок болгон Майами Хитти 106-94 упай эсебинде утуп алып, удаама-удаа 4 жеңишке жетишти. Муну менен Оклахома-Сити Тандер 20-жеңишине жетишкен болду.

Тандерде Рассел Уэстбрук 29 упай, 17 топ кайтаруу, 11 упайлык пасы менен сезондун 15-трипл-даблын кылды. Конок командада Стивен Адамс 15, Алекс Абринес 14, Жерами Грант 10 упай топтошту.

Сезондун 22-оюнун ойногон Хитте Жош Ричардсон 22, Жеймс Жонсон 16, Тайлер Жонсон 15, Хассан Уайтсайд 12 упай топтоду.

Батыш конференциясынын үчүнчүсү Хюстон Ракетс атаандаш талаасында Даллас Маверикти 123-107 упай эсебинде утуп алды.

Американ Эйрлайнс сентрде болгон оюнда сезондун 24-жеңишине жетишкен Ракетсте Жеймс Харден 34 упай, 11 упай пасы менен «дабл-дабл» кылып жеңиштин куруучусу болдду. Конок командада Райан Андерсон 22, Эрик Гордон 13, Нене 12 упайга ээ болду.

Мавериксте Харрисон Барнерстин 21, Уэсли Мэттьюз 19, Дуайт Пауэлл жана Джастин Андерсондун 13төн упайы сезондун 23-жеңишине бөгөт боло алышкан жок.

Юта Жаз, Лос-Анжелес Лейкерсти Стэплес центрде 102-100 упай эсебинде жеңип алып, үч оюндан кийин жеңиишке жетишкен болду.



Тектеш кабарлар