Реал Мадрид Криштиану Роналду менен жаңы келишим түздү
Криштиану Роналду 41 жашына чейин футбол ойногусу келет
605891
Испаниянын «Реал Мадрид» клубу, португалиялык футбол жылдызы Криштиану Роналду менен келишимин жаңылады.
Дагы 5 жыл Реал Мадрид командасынын формасын кийе турган португалиялык футболчу: «Бул менин акыркы келишимим эмес. Карьерамды ушул жерде бүтүргүм келет»,-деди.
Реал Мадрид менен 2021-жылдын 30-июнуна чейинки жаңы келишимге кол койгон Криштиану Роналду 41 жашына чейин футбол ойногусу келгенин белгиледи.