Түрк командасы шайба хоккейинде чемпион болду

Софиядагы муз аянтында шайба хоккейи боюнча мелдеш өттү

583268
Түрк командасы шайба хоккейинде чемпион болду

Зейтинбурну муниципалитетинин шайба хоккейи боюнча курама командасы, Болгариянын борбор шаары Софиядагы муз аянтында өткөрүлгөн Европа хоккей чемпионатынын клубдар кубогунда үч оюнду тең жеңип, 9 балл менен Европа чемпиону болду.

Түркиянын муз хоккейи тарыхында биринчилерден болуп ийгилик алып келген Зейтинбурну муниципалитетинин командасы, Европа чемпионатынын тайпалар арасындагы мелдеште чемпион болгон биринчи түрк команда болду.

Биринчи мелдеште Софиянын Ирбис Скейт командасын 5-1 эсебинде жеңген түрк командасы, экинчи оюнда Сербиянын Партизан командасы менен ойноду. Серб командасын да 8-3 эсебинде жеңген Түркия, акыркы мелдешинде Израилдин HC Бат-Ям командасын 19-2 эсебинде утуп алып, 9 балл менен А тайпасында Европа чемпиону болду.



Тектеш кабарлар