Португалия Швейцарияга жеңилди

Дүйнөлүк кубоктун Европа тандоолорунда 9 мелдеш өткөрүлдү.

566808
Португалия Швейцарияга жеңилди

Футболдук таймашта Европа чемпиону Португалия Швейцарияга жеңилди.

2018-жылы өтүүчү ФИФАнын Дүйнөлүк кубогунун Европа тандоосунда 3 тайпада 9 мелдеш өткөрүлдү.

Орусиянын жетекчилигинде өтө турган Дүйнөлүк кубокко катыша турчу 13 команданы белгилей турган тандоолордо «А», «Б» жана «Н» тайпаларында 9 оюн ойнолду.

Акыркы Европа чемпионатынын (Евро-2016) финалында Францияны жеңип кубокко ээ болгон Португалия, Швейцарияга атаандаштын талаасында 2-0 эсебинде утулуп калды. Франция болсо атаандаштын талаасында Беларусь менен 0-0 теңме-тең ойноду.

Тайпалар арасындагы биринчи мелдештердин жыйынтыгын төмөнкүчө:

«A» тайпасы:

Беларусь - Франция: 0-0

Болгария - Люксембург 4-3

Швеция - Нидерландия: 1-1

«Б» тайпасы:

Андорра - Латвия 0-1

Фарерск аралдары - Венгрия 0-0

Швейцария - Португалия: 2-0

«H» тайпасы:

Босния-Герцеговина - Эстония: 5-0

Түштүк Кипр - Бельгия: 0-3

Гибралтар - Греция: 1-4

2018-жылы өтүүчү ФИФАнын Дүйнөлүк кубогунун Европа тандоолорунда бардык тайпалардын экинчи мелдештери 6-8-октябрда өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар