2016 Рио олимпиада оюндарында А улуттук аялдар командасы чейрек финалга чыгууну гарантияга алды
Группада 4 матчтан кийин жеңишке жетише албаган Бразилиянын чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүгү калган жок
А улуттук аялдар командасы 2016 Рио олимпиада оюндарында Франциянын Бразилияны жеңүүсү менен чейрек финалга чыгууну гарантияга алды. А группасынын матчында Франция Бразилияны жеңип үчүнчү жеңишине жетишти. Группада 4 матчтан кийин жеңишке жетише албаган Бразилиянын чейрек финалга чыгуу мүмкүнчүлүгү калган жок.
А улуттук аялдар баскетбол командасы А гурппасындагы 4 - матчында Белорусияны 74 – 71 упайга жеңип чейрек финал үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүлгөн болчу. Бул жыйынтык менен Түркия группадагы экинчи жеңишине жетишип, Беларусия үчүнчү жолу жеңилди. Ай – жылдыздуулар группадагы акыркы матчта 13 - август ишемби күнү Түркия убактысы боюнча 21:30да Бразилия менен беттешет. Бул матч Түркиянын группадагы тизмесин чейрек финалда жарыша турган атаандашын белгилейт.