Оор атлетика боюнча мелдеште Түркиянын спортчусу 2-орунду, Кыргызстандыкы 3-орунду алды

Кытайлык штангист Ши Чжиюн алтын медалга ээ болду

549069
Оор атлетика боюнча мелдеште Түркиянын спортчусу 2-орунду, Кыргызстандыкы 3-орунду алды

Бразилияда өтүп жаткан Рио-2016 Олимпиада оюндарында Түркия биринчи медалын алды.  

Улуттук спортчу Данияр Исмаилов эркектер арасында 69 килограмм салмакта күмүш медалга ээ болду.

Данияр Исмаилов жулкуп көтөрүүдө биринчи аракетинде156, экинчисинде 160, үчүнчүсүндө 163 килограмм көтөрдү.

Исмаилов силкип көтөрүүдө болсо биринчи аракетинде 181, экинчисинде 185, үчүнчүсүндө 188 килограмм көтөрдү.

Жалпы эсепте 351 килограмм көтөргөн 24 жаштагы улуттук спортчу, күмүш медалдын ээси болду.

Ушундайча Түркия Рио Олимпиада оюндарында биринчи медалын алды.

Алтын медалды жулкуп көтөрүүдө 162, силкип көтөрүүдө 190, жалпы эсепте болсо 352 килограмм көтөргөн 36 жаштагы кытайлык штангист Ши Чжиюн алды.

Жулкуп көтөрүүдө 151, силкип көтөрүүдө 188, жалпы эсепте болсо 339 килограмм көтөргөн кыргызстандык спортчу Иззат Артыков коло медалга ээ болду.

Кыздар арасында болсо 63 килограмм салмакта мелдеш өттү.

Жулкуп көтөрүүдө 115, силкип көтөрүүдө 147, жалпы эсепте болсо 262 килограмм көтөргөн Дэн Вэй алтын медалга ээ болду. Кытайлык штангист силкип көтөрүүдө жана жалпы эсепте жаңы дүйнөлүк рекордго жетишке спортчу болду.

Түндүк кореялык Чо Хио Сим күмүш, Карина Горячева болсо коло медалга ээ болду.

Улуттук штангист Мехтап Курназ болсо жулкуп көтөрүүдө 81, силкип көтөрүүдө 100, жалпы эсепте болсо 181 килограмм көтөрүп 13чү болду жана оюндардан чыгып калды.

Бул учурда Рио-2016 Олимпиада оюндарынын төртүнчү күнүндө 9 алтын, 8 күмүш, 9 коло жалпы 26 медалга ээ болгон АКШ жалпы тизмеде лидерлигин улантып жатат.

АКШдан кийин 8 алтын, 3 күмүш, 6 коло жалпы 17 медаль алган Кытай турат. 4 алтын, 1 коло жана 1 күмүш медалга ээ болгон Венгрия болсо 6 медаль менен үчүнчү орунда.

Оор атлетикадагы биринчи күмүш медалы менен Түркия тизмеде 32-орунда турат.



Тектеш кабарлар