Спорт дүйнөсүнөн аскердик козголоңго каршы чыгуу

Спорт дүйнөсүндө клубдар менен спортсмендер Түркия республикасын бутага алган козголоңчуларга каршы чыгышты

530729
Спорт дүйнөсүнөн аскердик козголоңго каршы чыгуу

 

Түркия футболдук федерациясы заманбап бир демократия менен башкарылган Түркия республикасында аскердик козголоңдун эч качан кабыл алынбай тургандыгын баса белгиленди.

Түрк футболунун төрт чоңдору да Түркия республикасына карата кол салууга катуу каршы чыкты. Бешикташ клубу «Жашасын демократия, козголоңчуларга макул эмеспиз»,- деген ураанды бөлүштү. Фенербахче : «Дайыма демократиябыздын жанындабыз. Аскердик козголоңду каалабайбыз»,- деди.

Галатасарай клубу да «Козголоңду каалабайбыз», «Демократиянын жанындабыз» деген билдирүүлөрдү беришти.

Трабзонспор : «Демократиябазга каршы жасалган бардык козголоң кыймылдарына каршыбыз. Мамлекетибиздин жана калкыбыздын жанындабыз»,- деди.

Испанияга трансфер болгон Эмре Чолак социалдык медиадан түрк байрактуу маалымат жарыялады. Барселонанын формасын кийген Арда Туран хаоско каршы экендигин билдирди. Нури Шахин : «Менин кооз өлкөм»,- деди.

NBAдеги  түрк оюнчу Мехмет Окур болсо түрк байрагынын фотографиясын бөлүшүү менен биримдикке чакырды.



Тектеш кабарлар