Трабзондо 2016 дүйнө мектеп спорттору олимпиадасы өттү

Түрк спортсмендер жаачылык жана күрөштө 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медалга жетишти

530009
Трабзондо 2016 дүйнө мектеп спорттору олимпиадасы өттү

Трабзондо  өткөрүлгөн 2016  дүйнө мектеп спорттору олимпиадаларында түрк спортсмендер жаачылык жана күрөштө 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медалга жетишти.

Жаштык жана спорт министрлиги менен Эл аралык мектеп спорттору федерациясы тарабынан уюштурулган иш чарада жаачылык тармагында катышкан түрк спортсмендерден Эрдем Сужу классикалык жаада эркектерде алтын медаль, аялдарда болсо Айбүке Гүмрүкчү коло медалга жетишти. Эл аралык микс команда жарыштарынын акырында Эрдем Сужу менен Мервенур Йылмаз коло медаль, Огузхан Күчүк болсо күмүш медаль алышты. Олимпиадалардын үчүнчү күнүндө күрөштө эркектер категориясында гана жарыш болду. Күрөштөгү жарыштардын акырында түрк спортсмендерден 66 килограммда Өмер Фарук Коч алтын медалдын ээси болду.



Тектеш кабарлар