Португалия чемпион болду
Португалия менен Франция «Стад де Франс» стадионунда ойношту.
526871

Футбол боюнча Европа чемпионатында Португалия чемпион болду.
Францияда өткөрүлгөн чемпионаттын финал беттешинде Португалия менен Франция Сен-Дени шаарындагы «Стад де Франс» стадионунда ойношту.
Мелдештин 90 мүнөттүк оюну 0-0 эсебинде аяктады.
Кошумча убакытта Эдердин 110чу мүнөттө киргизген голу Португалияга чоң жеңиш алып келди.
25-мүнөттө сол тизесиндеги жаракаттын себебинен оюнду уланта албаган Португалиянын жылдыз футболчусу Роналдунун ордуна Куарежма кирди.
Тектеш кабарлар
Уиллис Рид 80 жашында каза болду
Риддин 19 номерлүү формасы Никс тарабынан 1982 - жылы Баскетболдун даңктуулары музейине коюлган.