5000 метрдик жарышты түрк спортчу жеңип алды

Амстердамда уюштурулган Европанын жеңил атлетика боюнча чемпионатында аялдар 5000 метр финалында түрк атлет Ясемин Жан чемпион болду.

526512
5000 метрдик жарышты түрк спортчу жеңип алды

Нидерландиянын борбор калаасы Амстердамда уюштурулган Европанын жеңил атлетика боюнча чемпионатында аялдар 5000 метр финалында түрк атлет Ясемин Жан алтын медалды утуп алды.

Аялдар 5000 метр финалында түрк спортчу Ясемин Жан, 15.18.15тик даражасы менен жарышты биринчилик менен бүтүрсө, швециялык атлет Мерат Бахта 15.20.54ттүк даражасы менен экитнчи, улуу британиялык Стив Твелл болсо 15.20.70тик даражасы менен үчүнчлүктү алды.

Ясемин Жан, Европанын жеңил атлетика боюнча чемпионатынын биринчи күнүндө аялдар 10 миң метрде биринчиликти алып алтын медалга ээ болгон. Аялдар 5000 метр финалында да жарышты алдыда бүтүрүп, түрк спортчу бул уюштуруудагы экинчи алтын медалына жетишти.

Бир тараптан Ясемин чемпиондуктун тарыхында аялдарда 5000-10000 метрде кош жеңишке жетишкен ысым болду.

Түрк спортчулар бул уюштуруунун 4 күнүндө 4 алтын, 4 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту.

Президент Р.Т.Эрдоган Европанын жеңил атлетика боюнча чемпиондугунда алтын медаль алган улуттук атлет Ясемин Жанды телеграф аркылуу куттуктады.



Тектеш кабарлар