Сууда сүзүүдө Түркия 4 медалга жетишти

Түркия алгачкы күнү 2 алтын, бир күмүш жана бир коло медалга ээ болду.

518670
Сууда сүзүүдө Түркия 4 медалга жетишти

Comen кубогундагы сууда сүзүү жарыштарында Түркия алгачкы күнү 2 алтын, бир күмүш жана бир коло медалга ээ болду.

Мальтанын Гзира аймагында болгон мелдештерде Зехра Дуру Билгин, Мелике Сертлер, Алейна Өзкан жана Гүзем Гүвенчтен турган айымдар 4х100 метр аралаш эстафета командасы, тандоолордо 4.17.51дик даражасы менен бул уюштурууда рекордго жетишип алтын медалды утуп алышты.

Күндүн башка алтын медалын айымдар 100 метр баттерфляйда Алейна Өзкан, 1.01.82лик даражасы менен утуп алды.

Айымдар 100 метр брасста Мелика Сертлер, 1.12.40тык даражасы менен күмүш медалга жетишсе, айымдар 100 метр эркин стилде Гизем Гүвенч, 57.73түк даражасы менен Түркия рекордуна жетишти жана коло медалга ээ болду.



Тектеш кабарлар