Кенан Софуоглу мотоцикль жарышында биринчиликти алды
Кенан Софуоглу Италиядагы Мисано жарыш тилкесинде уюштурулган сезондун 8-жарышында биринчиликти алды.
514036
Дүйнөлүк суперспорт чемпиондугунда жарышкан түрк мотоциклчиси Кенан Софуоглу, Италиядагы Мисано жарыш тилкесинде уюштурулган сезондун 8-жарышында биринчиликти алды.
Италиянын Римини шаарындагы 4226 метрдик Мисано жарыш тилкесинде сезондун 8-бөлүмү, 19 жолу айлануу менен өттү.
Сезондун 8-жарышынан кийин айдоочулар эсебинин алдыңкы 5 орунундагы балл көрсөткүчтөрү мындай:
1. Кенан Софуоглу (Түркия) - 146 балл
2. Рэнди Kрамменачер (Швейцария) - 106
3. Патрик Якобсен (АКШ) - 92
4. Гино Реа (Улуу Британия) - 78
5. Жюль Клюзель (Франция) – 75
Дүйнөлүк суперспорт чемпиондугуна сентябрь айына чейин тыныгуу берилет. Сезондун 9-жарышы 18-сентябрда Германияда өтөт.