Эң мыкты 11 футболчу

Алар 3.5 миллион добуш менен аныкталды.

507514
Эң мыкты 11 футболчу

УЕФА Европа чемпионатынын тарыхындагы эң мыкты 11 футболчу белгилүү болду.

Алар УЕФАнын интернет барагы жана социалдык бөлүшүү платформасы твиттер аркылуу берилген 3.5 миллион добуш менен аныкталды.

Футболчулар үчүн жок дегенде бир жолу жарым финал ойноо, турнирдин мыкты 11 футболчусунун арасында орун алуу жана гол королу болуу сыяктуу шарттар эске алынып түзүлгөн топ төмөнкүчө:

Дарбазачы: Жанлуиджи Буффон (Италия)

Коргоочулар: Паоло Мальдини (Италия), Карлес Пуйоль (Испания), Франц Беккенбауэр, Филипп Лам (Германия)

Жарым коргоочулар: Андрес Иньеста (Испания), Андреа Пирло (Италия), Зинедин Зидан (Франция)

Чабуулчулар: Криштиану Роналду (Португалия), Тьерри Анри (Франция), Марко ван Бастен (Нидерландия)



Тектеш кабарлар