Галатасарай баскетбол командасын президент кабыл алды

Эрдоган, Евро кубоктун чемпиону Галатасарай эркектер баскетбол командасын Президенттик комплексинде кабыл алды.

484351
Галатасарай баскетбол командасын президент кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Евро кубоктун чемпиону Галатасарай эркектер баскетбол командасын президенттик комплексинде кабыл алды. Президенттик комплексинде жабык эшиктер артында өткөн кабыл алууда Эрдоган, Галатасарайдын Евро кубок чемпиону болушунун, улутка белек болгонун сөз кылып, бул ийгиликтин улам көбөйүп уланышын тиледи.

Галатасарайдын чоң ийгиликке жетишкенин баса белгилеген Эрдоган: «Буюрса булар өлкөбүздү бир баскыч жогорулатат жана Түркия ушул жагынан күн өткөн сайын дагы илгерилеп баратат. Илгерилей турганына да ишенемин. Пайдубал түптөө боюнча чындап эле Түркияда акыркы убакта абдан олуттуу кадамдар ташталды. Каалаганым, бардык профессионалдык клубдардын үйрөнчүк тармактарына да ийгиликтерин чагылдырып абдан башка жерге жеткирели. Мында да чоңдордун жол баштоосу абдан маанилүү. Анткени локомотив кайда кетсе, вагондор да ошол жакка кетет. Бул иштин локомотивдери да белгилүү. Б.а. бул жерде Галатасарай, Фенербахче, Бешикташ бул иштин эми локомотивдери болуп эсептелешет. Жалгыз эле футбол менен чектелип калбаш керек. Башка тармактарда да өздөрүн көрсөтүшү керек. Ал тармактар да өнүксүн»-деди.



Тектеш кабарлар