Ясемин Адар Европа чемпиону

Ясемин Адар финалда Алена Страродубцеваны 7-0 балл менен жеңди.

448464
Ясемин Адар Европа чемпиону

Европа күрөш чемпиондугунун финалында аялдар 75 кг салмактагы Ясемин Адар алтын медалдын ээси болду.

Түрк айым балбаны финалда орус айым балбаны Алена Стародубцева менен күрөштү.

Атаандашына башынан аягына чейин үстөмдүгүн көрсөткөн Ясемин, 7-0 балл алып Европа чемпиондугу тарыхында аялдар арасында Түркияга алгачкы алтын медалды алып келди.

Ясемин Адар чемпиондуктан кийин түрк желегин көкөлөттү. Бул салмакта коло медалдарды беларусь балбаны Василиса Марзалюк жана украиналык Алла Черкасова алышты.



Тектеш кабарлар