УЕФА Европа лигасындагы мелдештер уланып жатат

Футболдук мелдеш ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

439062
УЕФА Европа лигасындагы мелдештер уланып жатат

УЕФА Европа лигасында мелдешип жаткан Түркиянын Фенербахче командасы бүгүн Орусиянын Локомотив Москва командасы менен атаандаштын талаасында беттешет.

Эки команданын ортосундагы таймаш саат 18.00де башталат.

Түркиянын экинчи өкүлү Галатасарай болсо 1-1 эсебинде теңме тең аяктаган мелдештин реваншында бүгүн Италиянын Лацио командасына конок болот.

Саат 20.00да баштала турган футболдук мелдеш ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар