Улуттук боксёрлордон 4 жеңиш

Фатих Келеш эстониялык атаандашы Максим Вилдени жеңип экинчи турга чыкты

318559
Улуттук боксёрлордон 4 жеңиш

Болгариянын Самоков шаарында кечээ башталган Европа бокс чемпиондугунда улуттук командалар биринчи күнү 4 жеңишке жетишти.
Чемпиондуктун кечки сеансында 65 килограммда рингге чыккан Фатих Келеш эстониялык атаандашы Максим Вилдени жеңип экинчи турга чыкты. Улуттук боксёрлордон Сейда Кесер болсо 91 килограмм жарышында молдовалык Михаил Мунтеаны жеңип бир жогорку турга чыкты.
10 - август дүйшөмбү күнү боло турган экинчи турдагы беттешүүдө Фатих Келеш британиялык Рет Маккормак менен Сейда Кесер болсо швециялык Габриэль Ричард менен беттешет.
Эрте мененки сеанста да 60 килограммда Ясин Йылмаз жана 91 килограммда Али Эрен Демирезен атаандаштарын жеңип экинчи турга чыгышты. Бүгүн кечинде 69 килограммда Өндер Шипал Ирландиялык Адам Патрик Нолан менен биринчи турдагы беттешүүсүнө чыгат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар