Чемпиондор лигасында жаңы топ тебилет

Чемпиондор лигасынын расмий мелдеш тобу «adidas Finale Berlin».

221154
Чемпиондор лигасында жаңы топ тебилет

УЕФА чемпиондор лигасынын расмий материал камдоочусу Адидас тарабынан өнүктүрүлгөн «adidas Finale Berlin» тобу 17-феврал шейшемби түнүнөн баштап ойноло турган УЕФАнын чемпиондор лигасынын беттешүүлөрүндө алгач ирет колдонула баштады.
Расмий мелдеш тобунун долбоорлонушунда Берлин шаарынын динамикалуу, жаш жана заманбап түзүлүшүнөн таасир алынды. «adidas Finale Berlin» бетине тартылган жылдыз фигураларынын ичинде шаардын символдорунан турган жана 6-июнда ойноло турган УЕФА чемпиондор лигасынын финалдык беттешүүсүн өткөрө турган легендарлуу Берлин олимпиада стадиону жана Бранденбург каалгасынын чийиндери орун алат.
Бүгүн кечтен баштап бүтүндөй УЕФА чемпиондор лигасынын оюндарында колдонула турган расмий мелдеш тобу «adidas Finale Berlin» башка расмий оюн топторунун бардыгында болгону сыяктуу тебүүчү чекитте оң кабылдоо жана жогорку ийгиликти камсыздай тургандай түрдө долбоорлонгон тышкы бет түзүлүшүнө ээ.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар