Министр Акиф Чагатай баскетболчуларды куттуктады
Баскетбол боюнча мелдеште түрк командасы биринчиликти алды.
Министр Акиф Чагатай Кылыч түрк улуттук курама командасын куттуктады.
Түркиянын жаштар жана спорт министри Акиф Чагатай Кылыч Конияда өткөрүлгөн баскетбол боюнча Пынар Эл аралык турнирде биринчи болгон улуттук команданын спортчулары үчүн куттуктоо жарыялады. Министр Кылычтын куттуктоо билдирүүсүндө Түркияда өткөрүлгөн эркектер арасында баскетбол боюнча турнирден жакшы кабар келгенин белгилеп, улуттук команданын спортчулары түрк байрагын желбиретип чемпиондукка жетишкенин баяндады. Түркиянын атагын алыска угузган улуттук команданы жана ушул ийгиликке салым кошкон ар кимди куттуктаган Кылыч билдирүүсүндө: «Спорт тармагында туура жолдо экендигибизди көрсөткөн, бизди сыймыктандырган улуттук команданын спортчуларына дайым ийгилик коштоп жүрүшүн каалайымын»,-деди.