Галатасарайдын атаандаштары белгилүү болду
Галатасарай Англиянын Арсенал, Германиянын Боруссия Дортмунд жана Бельгиянын Андерлехт командалары менен таймашат.
Галатасарайдын атаандаштары жана кайсы топто орун ала турганы белгилүү болду.
Чемпиондор Лигасындагы Түркиянын өкүлү Галатасарай «Д» тобунда орун алат.
УЕФА Чемпиондор Лигасында 2014-2015 сезон оюндары такталды.
Монакодогу Гримальди Форумда өткөрүлгөн чүчү кулак тартуу боюнча Галатасарай Англиянын Арсенал, Германиянын Боруссия Дортмунд жана Бельгиянын Андерлехт командалары менен мелдешет. Биринчи таймаштар 16-17-сентябрда өткөрүлөт.
Чемпиондор Лигасында группасында алгачкы эки орунду алган командалар акыркы 16 команданын арасында болот. Группанын үчүнчүлөрү Европа Лигасында мелдешет, акыркылары болсо Европа кубогу менен коштошот.
Тектеш кабарлар
Фенербахче Грециянын Олимпиакос командасы менен беттешет
Үлкер стадионунда ойноло турган оюн Түркия убактысы менен саат 22.00дө башталат.