Түркия Бразилияны 3-2 эсебинде утуп алды

Японияда волейбол боюнча мелдеш өтүп жатат.

97621
Түркия Бразилияны 3-2 эсебинде утуп алды

Түркия Бразилияны 3-2 эсебинде утуп алды.
Японияда өтүп жаткан Дүйнөлүк Гран-принин алгачкы таймашында Түркиянын волейбол боюнча курама командасы, турнирдин биринчи тандоо оюндарын жеңиш менен аяктаган жалгыз команда жана өткөн жылдын чемпиону Бразилияны 3-2 эсебинде утуп алды.
Акыркы эки олимпиада чемпиону жана чемпионаттын эң күчтүү командаларынан Бразилия менен таймашып алгачкы эки оюнду 25-18 жана 25-23 эсебинде утуп алган түрк командасы, үчүнчү жана төртүнчү оюндарда 25-21 жана 25-19 эсебинде утулуп калса да финал оюнун 15-12 эсебинде утуп алды.
Түркиянын кыз-келиндерден турган курама командасы эртең Түркия убактысы боюнча саат 13:05те Япония менен беттешет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар