Европа атлетика чемпиондугу түз эфирде берилет

22-Европа атлетика чемпиондугунда Түркияны 35 спортчу өкүлдүк кылат.

87496
Европа атлетика чемпиондугу түз эфирде берилет

Европа атлетика чемпиондугу түз эфирде берилет.
Цюрихтеги Letzigrund стадионунда 12-17-август күндөрүнүн арасында өткөрүлө турган 22-Европа атлетика чемпиондугуна Түркия 35 спортчу менен катышат. Чемпиондук ТРТ-3 Спорт каналынан түз эфирде көргөзүлөт.
Өткөн Европа чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон Полат Кембои Арыкан 10 миң метрде биринчиликти алууга аракет кылат. Европа чемпиондугу карьерасында эки алтыны бар Эльван Абейлегессе Түркия үчүн жарыша турган күчтүү спортчулардан.
Дүйнөлүк чемпиондукта төртүнчү болгон Илхам Тануи Өзбилен, Балкан чемпиону спринтер Рамил Гулиев жана Олимпиада экинчиси Гамзе Булут менен Европа жаштар чемпиону Али Кая экиден категорияда жарышышат. Эркектер арасындагы марафон категориясында болсо Түркия беш спортчу менен өкүлдүк кылынат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар