Волейболдо Түркия Европа чемпиону

Түркия Германияны 3-1 эсебинде утуп алып, тарыхында алгач ирет Европа лигасынын чемпиону болду.

65164
Волейболдо Түркия Европа чемпиону

Түркиянын «А» улуттук волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы СEV Европа лигасында чемпион болду.
Европанын волейбол конфедерациясы (СEV)тарабынан уюштурулган Европа лигасынын финалынын реванш беттешүүсүндө Түркия Германияны 3-1 эсебинде утуп алып, тарыхында алгач ирет Европа лигасынын чемпиону болду.
Бурсада ойнолгон биринчи беттешүүнү да 3-1 эсебинде утуп алган Түркиянын «А» улуттук волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы, алдыда боло турган FIVB Дүйнөлүк лигасына түздөн-түз катышуу укугуна ээ болду.
Кечээ Германиянын Рюссельсхайме шаарында ойнолгон оюнду жакшы баштаган Түркия биринчи сетканы 25-19 эсебинде утту. Экинчи сетканы да 25-23 упай менен утуп 2-0 эсебинде алдыга өттү. 3-сетканы 25-20 упайлык эсеп менен Германия утса, 4-сетканы 25-20 упай менен уткан Түркия чемпиондугун жарыялады.
Түркиянын «А» улуттук волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасында Күбра Акман, Мелиха Исмаилоглу таасирдүү оюндары менен көңүлдү бурса, Германиянын командасынан Геертиес жана Петтке жакшы ойношту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар